Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Германиянын президенти Йоахим Гаукка жана канцлери Ангела Меркелге мурдагы федералдык канцлер Гелмут Шмидттин дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтты. Немис жетекчилигине жолдонгон катта ошондой эле "жалпы Германия элине белгилүү саясатчы жана мамлекеттик ишмер Шмидтин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтам" деп жазылган.
Шмидт немис өкмөтүн 1974-1982-жылдары башкарып турган. Соңку жылдары ал ооруп, операция болгон. Быйыл 97 жашка чыккан. Ал 10-ноябрда Гамбург шаарында көз жумду. (RK)