Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Авиа апаатты иликтөөгө АКШ адистери да катышат


Египетте кыйраган аэробустун калдыгы, 1-ноябрь, 2015.
Египетте кыйраган аэробустун калдыгы, 1-ноябрь, 2015.

Египет бийлиги америкалык адистердин Орусия учагынын кыйроосун иликтөөгө катышуу өтүнүчүн кабыл алды. Бул тууралуу CNN телеканалына Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри билдирди. Анын айтымында, сөз А 321 аэробусуна кыймылдаткыч жасаган Pratt&Whitney компаниясына катышы бар америкалык адистер тууралуу жүрүүдө. Министр иликтөө иштерине мындан ары АКШнын Федералдык иликтөө бюросу - ФБРдин адистери кошулуусу ыктымалдыгын да четке каккан жок.

Орусиянын "Когалым Авиа" компаниясына таандык Аэробус A-321 учагы 31-октябрда Египеттин Синай жарым аралына кыйрап түшкөн. Авиа апааттан анын ичиндеги 224 адамдын бири да тирүү калган эмес. Учак Египеттин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Санкт-Петербургга учуп келаткан. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз, бирок учакка жардыргыч зат коюлушу ыктымалдыгы көбүрөөк айтылууда.

XS
SM
MD
LG