Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Серб премьери Сребреница кыргынынын курмандыктарын эскерди


Босния-Герцеговина -- Сербия премьер-министри Александр Вучич эстеликке гүл коюда. 11-ноябрь, 2015.
Босния-Герцеговина -- Сербия премьер-министри Александр Вучич эстеликке гүл коюда. 11-ноябрь, 2015.

Сербия премьер-министри Александр Вучич 11-ноябрда Сребреницага барып, 1995-жылдагы кыргында курман болгон мусулмандар үчүн коюлган эстеликке ак роза гүлдөрүн койду. Мындан төрт ай мурда кыргындын 20 жылдыгына байланышкан эскерүүгө келген Вучичти Сребреницада таш бараңга алып, кууп жиберишкен эле.

Мурдагы ультра улутчул саясатчы Вучич бул жолу эстеликке гүл коюусуна Босния мусулмандар лидери, шаар башчысы Бакир Изетбекович кам көрдү. Серб премьери Сребреницага экономикалык форумга катышуу үчүн келген.

1995-жылдын июлунда Босния сербдери Сребреница шааарында 8 миңдей мусулман эркек менен жаш балдарды кырып салган. 1992-1995-жылдардагы согуштун соңку күндөрүндө жасалган бул кыргын Европа аймагында Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор аскерий кылмыш болуп калды.

XS
SM
MD
LG