Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Евробиримдик мигранттардын санын азайтуу үчүн Африкага каржылык көмөк берет


Мальта өлкөсүндө шаршембиде Евробиримдик жана Африка өлкөлөрүнүн миграция маселесине арналган саммити башталды. Ага эки чөлкөмдүн 50 лидери катышууда.

Быйыл Африка мамлекеттеринен деңиз аркылуу Европага жумуш издеп келгендердин саны 800 миңге чамалады. Орто жолдо деңизге чөгүп набыт кеткендер 3400дөн ашты.

Саммит учурунда Африка бийликтери жарандарын артка чакырып алуусу зарылдыгы белгиленди. Европа комиссиясы мигранттар агымын азайтуу максатында бул маселени чечүүгө 800 миң евро бөлөт.

Саммит эки күнгө созулат. Бүгүн эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. (SE)

XS
SM
MD
LG