Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Депутат Момбеков: Жогорку Кеңеште журналисттердин алты адвокаты отурабыз


Журналисттердин парламент имаратына кирүүсүн чектөө басма сөз эркиндигин чектөөгө барабар. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында сүйлөп жатып КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдирди. Ал журналисттер бийликтин күзгүсү экенин айтып, "биз эң ириде күзгүнүн алдында түз отурганга үйрөнүшүбүз керек, аны талкалагандан майнап чыкпайт" деди:

- Азыркы чакырылыштагылар арасында алты депутат отурабыз - Чыныбай Турсунбеков, Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Жылдыз Мусабекова, Лунара Мамытова жана мен. Бул жерде журналисттердин 6 адвокаты барбыз.

Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков 11-ноябрдагы сессияда парламент жөнүндө туура эмес маалымат тараткан журналисттерге аккредитация берилбей турганын билдирди. Жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңеш жетекчилиги дресс-код, туура эмес маалымат таратты деген шылтоо менен өздөрүнө жакпаган журналисттерди киргизбей, сөз эркиндигин чектеди деп сындап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG