Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Үч жылдан бери тергөө абагында жаткан жаран акыйкатчыдан жардам сурады


Үч жылдан бери тергөөнүн жыйынтыгын күтүп Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан жарандын адвокаты акыйкатчыга кайрылып, жардам сурады. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчынын кеңсесинен кабарлашты.

Кылмышка шектүү аял 2012-жылдын 29-августунда камакка алынган. Анын адвокатынын айтуусунда, шектүүнү кармоо учурунда мыйзамдын бир нече нормасы бузулган. Тагыраак айтканда, кармоо тууралуу протокол 10 сааттан кийин толтурулган, бир сутка бою ага адвокатты киргизишкен эмес.

Тергөөгө берилген мөөнөт аяктаса да иш жылбай жатканынан улам акыйкатчынын милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Н.Эсеналиевдин ал аялды камоо тууралуу чечимине юридикалык баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. Учурда шаардык прокуратуранын судьяны жоопко тартуу тууралуу арызын Соттор кеңеши карап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG