Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Чалгынчынын үй-бүлөсү

Рейтер агенттиги 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы, 29 жаштагы Екатерина тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Маалымат агенттиги “Газпромбанктын” жетекчилерине таянып, Екатерина ушу тапта Тихонова деген фамилияны алып жүрөрүн, МГУда иштерин жана акробатикалык рок-н-роллго кызыгарын жазган. Рейтер финансылык эксперттер менен биргеликте Екатерина жана анын күйөөсү ири байлыкка ээ экенин иликтеген. Кремл жана “Газпромбанк” бул тууралуу маалыматты четке кагууда. Путиндин кыздары жана мурдагы аялы Людмила тууралуу маалыматтар коомчулукка табышмак бойдон.

XS
SM
MD
LG