Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Келдибековдун соту коопсуздук күчөтүлгөн шартта өтүүдө


Ушу тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Акматбек Келдибеков боюнча жараян өтүп жатат. Судья соттолуучунун акыркы сөзүн уккандан кийин кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

"Азаттыктын" кабарчысы маалымдагандай, сот имаратынын жанында Келдибековдун тарапкерлери топтолуп турат. Коопсуздук чаралары күчөтүлүп, милиция көп жүрөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Социалдык фондду, Салык кызматын жетектеп келген саясатчы Акматбек Келдибеков боюнча сот өкүмү бүгүн чыгат.

Прокуратура Акматбек Келдибековду он жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону сураган. Анын жактоочулары жана өзү жөнсүз айып коюлуп жатканын белгилеп, муну бийликтин куугунтугу катары сыпаттап келишет.

Келдибековго карата кылмыш иш ал мамлекеттин акчасын жымырып алган деген кине менен 2013-жылы күзүндө козголгон. (SdZ)

XS
SM
MD
LG