Ушу тапта Бишкектин Биринчи Mай райондук сотунда Акматбек Келдибеков боюнча сот өкүмүн күтүп жатышат. Кабарчыбыздын маалымдаганына караганда, имараттын алдына Жаза аткаруу кызматынын соттолгондорду жана айыпталуучуларды ташыган атайын унаасы келип токтоду. Бирок ал машина кимге келгени так белгисиз, себеби имарат ичинде башка процесстер да жүрүп жатат.
Коррупцияга шектелген Келдибеков 2013-жылы кармалган. Кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан. Ал өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп атап келет. (SdZ)