5 киши ФИФАнын төрагалыгына талапкер катары расмий аталды. 26-февралдагы шайлоодо Йозеф Блаттердин ордун басып, Эл аралык футбол ассоциациясын жетектөөгө умтулган талапкерлердин арасында ханзада Али Ал Хуссейн, шейх Салман Бин Эбрахим аль Халифа, Жером Шампань, Джанни Инфантино жана Токио Сексвейл бар. Ал эми УЕФАнын президенти, ушу тапта кызматынан 90 күнгө убактылуу четтетилген Мишель Платининин кандидатурасы жактырылган жок. Фаворит катары аталып жүргөн Платининин талапкерлиги ФИФАнын этикалык комитети тарабынан киргизилген жазалоочу чаранын мөөнөтү соңуна чыккандан кийин каралмакчы.
Сентябрда Швейцариянын прокуратурасы ФИФА Платиниге 2,1 миллион доллар пара берген деген факт боюнча кылмыш ишин козгоп, Блаттер кызматынан убактылуу четтетилген эле.