Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

Швеция түштүк чек арасында текшерүү киргизүүдө


Швед полициячылары Мальмө шаарынын качкындар борборундагы мигрантты алып баратат.
Швед полициячылары Мальмө шаарынын качкындар борборундагы мигрантты алып баратат.

Швеция Дания жана Германия менен чек ара тилкесинде ары бери каттагандардын документтерин текшерүүнү киргизүүдө. Бул убактылуу чара качкындардын агымын тескөөгө жана азайтууга жардам берет деп күтүлүүдө. Күнүнө Швециянын түштүк чек арасынан эки тарапка 100 миңдей киши каттап турат. Полициянын алардын бардыгын текшерүүгө чамасы жетпейт, андыктан поезд, электричка жана паромдордун болжолу менен 75 процентине жакын жүргүнчүлөрү текшерүүгө алынып турмакчы. Жеңил унаалар азырынча текшерилбейт. Документтери же визалары жоктор өлкөдөн чыгарылмакчы. Өткөн жумада эле Мальмө шаарындагы качкындар борборуна 10 миң 200 киши - 2 миң 700 сириялык жана 4 миң 300 оогандык кайрылган. Норвегия, Дания жана Финляндиянын бийликтери кошуна өлкөнүн демилгесин колдошту.

XS
SM
MD
LG