Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Австралия-Кыргызстан футболу 3:0 менен аяктады


Австралия менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 3:0 эсебинде австралиялыктардын пайдасына аяктады. Оюндун 41-мүнөтүндө Австралия капитаны Миле Единак айып тобун тээп алгачкы эсепти ачкан. Мелдештин башкы калысы кыргыз футболчуларынын айып талаасынан жарым коргоочу Ислам Шамшиевдин австралиялык оюнчуга карата одоно оюн көрсөткөнүнө байланыштуу айып тобун тебүүнү дайындаган.

49-мүнөттө экинчи голду австралиялыктардын коргоочусу Тим Кехил киргизүүгө мүмкүнчүлүк алды.

69-мүнөттө Австралия бурчтан узаткан топту Кыргызстандын чабуулчусу Илдар Амиров башы менен сүзүп, кокусунан автогол кыргыз дарбазасына кирип кетти.

Оюндун 77-мүнөтүндө кыргыз футболчуларынын коргоочусу Азамат Байматов жараат алып, анын ордуна чабуулчу Тамирлан Козубаев кирди.

Оюндун аяктарына бир мүнөт калганда австралиялыктардын коргоочусу Тим Кехил кезектеги топту дарбазага узаткан. Бирок калыс офсайд абалында болгон деп голду эсептеген жок.

Негизги убакыт аяктагандан кийин оюнга 3 мүнөт кошумча берилди. Бул убакытта талаа ээлери тараптан удаасы менен эки жолу кооптуу сокку узатылып, экөнү тең кыргыз дарбазачысы Павел Матяш тосууга үлгүрдү. Матяш бул оюнда дарбазага узатылган 7 топту тосо алды.

Австралиянын Канберра шаарындагы бүгүнкү оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өттү. (ECh)

XS
SM
MD
LG