Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:30

Өкмөт башчы коргоо жаатындагы иштерди талкуулады


Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаровду жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевди кабыл алды. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал аскер жетекчилигин жаңыдан жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, өтө жоопкерчиликтүү милдеттер турганын билдирди.

Өкмөт башчы Башкы штаб алдында аскер реформасын улантуу менен армиянын күжүрмөн жана саясий даярдыгын жогорулатуу тапшырмасы турганын, ал эми Коргоо министрлигинин ордуна жаңыдан түзүлгөн Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин алдында аскердик тармактагы бир нече багытты координациялоо милдети бар экенин айтты.

Муну менен катар аскердеги тартипти күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы да баса белгиленди.​ (RK)

XS
SM
MD
LG