Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:27

Мерт болгон милиционердин үй-бүлөсүнө өкмөттөн 100 миң сом бөлүндү


Премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен Токмокто кызмат учурунда мерт болгон милиционердин үй-бүлөсүнө өкмөттүн атынан 100 миң сом бөлүндү.

8-ноябрда Токмокто сууга чөгүп бараткан аялды куткарам деп шаардын милиция кызматкери Тынчтык Абдрахманов набыт болгон. Ал Бишкек-Торугарт унаа жолунунун 60-чакырымында шар аккан суу каналына түшүп кеткен аялды куткарам деп жатып өзү кошо агып кетип мерт кеткен.

26 жаштагы Тынчтык Абдрахмановдун артында 2 баласы жетим калды. Ал милицияда иштегенине 2 жыл болгон.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев да өзүнүн фондунан 100 миң сом бөлгөн. Ага чейин Ички иштер министрлигинин атынан да 100 миң сом материалдык жардам берилип, Чүй милициясында иштегендер бир күндүк маянасын чогултуп берүүнү чечкен.(RK)

XS
SM
MD
LG