Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

“Ислам мамлекети” тобу Орусияны опузалады


Iraq -- Smoke rises from the site of U.S.-led air strikes in the town of Sinjar, November 12, 2015.
Iraq -- Smoke rises from the site of U.S.-led air strikes in the town of Sinjar, November 12, 2015.

Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик уюм жакын арада Орусияга каршы террордук актылар болорун эскерткен видеону Интернетке жайгаштырды.

Reuters агенттиги радикал-исламчы сайттарга байкоо салган SITE тобуна таянуу менен аталган видеотасманы “Ислам мамлекетинин” "Аль-Хайят" деп аталган медиа борбору дүйнөлүк желеге жарыялаганын кабарлады. Анда орус тилинде “Аз убакыттан кийин көп кан төгүлөт”, деген сөздөр кайра-кайра кайталанган.

Батыштагы бир катар мамлекеттердин чалгын кызматтары Мисирде 31-октябрда Орусиялык учактын кыйрашы үчүн жоопкерчиликти дал ушул “Ислам мамлекети” тобуна жүктөшкөн. Топтун Мисирдеги бөлүмү аба кырсыгы аркылуу Орусиянын Сириядагы аскердик операциялары үчүн өч алынганын эки ирет жарыялады.

Орусиянын Ички иштер министрлиги шаршембиде теракт тууралуу эскерткен видеотасманы тараткан интернет колдонуучулар суракка алынарын маалымдаган. Мекеменин өкүлү Елена Алексееванын билдирүүсүндө, коркунучтуу кабарды жайылткандардын бир тобу аныкталды.

XS
SM
MD
LG