АКШнын мамлекеттик катчысы Сирия боюнча ишембиде Венада өтө турган сүйлөшүүлөрдү утурлай өз пикирин билдирди. Анын айтуусунда, алдыдагы талкууда кандай натыйжа болору азырынча белгисиз. Бирок, тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн дипломатиялык күч-аракетти токтотпоо керек.
Керри тынчтык үчүн кандайдыр бир негиздер жетишпей жатканын белгилеп, мезгилдин агымы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет деген ишенимин айтты.
Сириядагы кырдаал боюнча 14-ноябрга белгиленген Венадагы сүйлөшүүлөргө ар кайсы мамлекеттердин дипломаттары катышат.