Төрөлгөндөн бери гепатит жана инфекциялык боор оорусунан кыйналып келаткан 15 жашар Диляра Гуламованын дары-дармегине жардам кылуу максатында Бишкекте кайрымдуулук концерти өтөт. “Ата Түрк – Ала Тоо” университетинде 13-ноябрь күнү кечки саат беште уюштурулуп жаткан концерттен түшкөн акчанын баары сахнада Диляранын атасына берилерин уюштуруучулар кабарлады. Ага эстрада ырчылары менен куудулдар чакырылган. Билет баасы 200 сом.
Концерттин жүрүшүндө каалоочулар көмөк көрсөтө алат.
Уюштуруучулар Диларага жардам берүүнү каалагандар 0700080795 0705272072 жана 0707771079 чөнтөк телефон номурларына чалса болорун билдиришти. (SE)