Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Согушкерлер тасмасындагы кыргыз жаранынын тек-жайы аныкталды


Тасмадагы жигит Бакыбеков Аскарбек Гапаралиевич экенин УКМК билдирди. Атайын кызмат сунуштаган сүрөт.
Тасмадагы жигит Бакыбеков Аскарбек Гапаралиевич экенин УКМК билдирди. Атайын кызмат сунуштаган сүрөт.

Орусияга каршы видеокайрылуу жасаган жихадчылар арасындагы кыргызстандык жигиттин тек-жайы аныкталды. Ал Баткендин Лейлек районунун тургуну, 22 жаштагы Бакыбеков Аскарбек Гапаралиевич экенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

Тасма быйыл 14-октябрда интернетке чыккан. Москванын Сириядагы террорчуларга каршы күрөшүн сындаган видеодо ондон ашуун адам орус элин өлүм менен опузалаган. Алар бир канча мамлекеттин жарандары экенин белгилешип, баары өз тилинде сүйлөгөн. Баары колуна автомат кармап алган.

Видеодогу кыргыз жигитти тааныгандар ал Баткендин тургуну экенин ошондо эле айтып чыгышкан.

Орусия Сирия аймагында сентябрдан тарта аскерий аракетин күчөткөн. Кремль муну террорчуларга каршы күрөштө Дамаскиге көрсөтүлүп жаткан колдоо экенин билдирүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG