Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Венеция комиссиясы Конституциялык палатаны колдоду


Европа Биримдиги, БУУнун Өнүгүү программасы жана Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Кыргызстанга Конституциялык палата керек деп эсептейт. Мындай тыянакка бул багытта жүргүзүлгөн бир катар долбоорлордун натыйжасында келишкенин бүгүн Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Өлкөдө демократиялык туруктуулукту, адам укуктарынын сакталышын жана жаңы түзүлгөн бул органды өнүктүрүү максатын көздөгөн долбоорлор 2013-жылдан бери ишке ашырылып келди.

Соттор жана Конституциялык палатанын кызматкерлери үчүн 40ка жакын тренинг өткөрүлдү.

Венеция комиссиясынын өкүлү Томас Маркерттин белгилешинче, Кыргызстандын Конституциялык палатасы көз каранды эмес соттук институт болуп эсептелет жана аталган уюм муну тааныган.

Соңку кезде Конституциялык палатаны сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруучу эмес, кеңеш берүүчү органга айландыруу аракети жүрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG