Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:17

Прокуратура аскерлерге турак жай бөлүштүрүүнүн көзөмөлүн күчөтөт


Башкы прокуратура Кыргызстандна аскер кызматкерлерине мамлекеттин акчасына курулган үйлөрдү бөлүштүрүү жагына көзөмөлдү күчөтөт. Бул тууралуу аталган мекемеде өткөн жыйында сөз болду. Анда учурда бюджеттик кызматкерлерди турак жай менен касыз кылуу маселеси курч болуп жаткандыктан бул жаатта коррупциялык көрүнүштөр күчөгөнү айтылды. Мисал катары былтыр «Жал» кичи районундагы кызматтык батирлер көптөгөн мыйзам бузуу менен бөлүштүрүлгөн факты келтирилди.

Аскердик прокуратурага бул боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Соңку эки жылда, Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, мамлекеттин эсебинен курулуп, пайдаланууга берилген батирлердин жалпы аянты 100 миң чарчы метрден ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG