Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Мамлекеттик сатып алуулар сайтынын иштеши 2 млрд сомду үнөмдөдү


Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар интернеттеги атайын портал аркылуу ачык жүргүзүлө баштагандан бери 2 миллиард сом каражат үнөмдөлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Каржы министрлигинен кабарлашты. Мекеменин басма сөз катчысы Назар Малаевдин “Азаттыкка” айтымында:

- Мамлекеттик сатып алууларды ачык көрсөткөн портал иштегенден бери 2 миллиард сомдон ашуун бюджеттик каражат үнөмдөлдү. Муну мамлекеттик сатып алуулар системасын түзүүнүн жакшы натыйжасы деп атоого болот.

Мыйзам боюнча мекемелердин муктаждыгы үчүн бюджеттик каражатка буюм, кызмат көрсөтүү же продукция сатып алуу тендердик негизде гана жүргүзүлүшү керек. Бул үчүн интернетте атайын ачылган сайтка сатып ала турган мекеменин аталышы, керектөөсү, баасы жазылат. Муну жарандык коом өкүлдөрү ачык көзөмөл жүргүзүү үчүн түзүлгөн жакшы шарт деп атап келет. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG