Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 00:16

Жорж Сорос Украинанын эң жогорку ордени менен сыйланды


Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк жана Жорж Сорос

Украинанын президенти Петр Порошенко америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сороско өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы - Эркиндик орденин тапшырды. 12-ноябрда Киевде өткөн салтанатта мамлекет башчы Соростун Украинадагы демократиялык өзгөрүүлөргө кошкон салымын, фондунун акыркы 25 жылда украин мамлекетинин калыптанышында ойногон ролун белгиледи.

85 жаштагы филантроптун кайрымдуулук уюмдары Чыгыш Европа жана мурдагы СССРдин аймагындагы 25 жакын өлкөдө иш алып барат.

XS
SM
MD
LG