Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Кыргызстанда JashtarCamp өнөктүгү башталды


Бүгүн Кыргызстандын ар кайсы аймагында бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын жыл сайын өткөрүп жаткан JashtarCamp өнөктүгү башталды.

Уюштуруучулардын айтуусунда, мурунку жылдагылардан өзгөчөлөнүп, быйылкы иш-чарага дээрлик бардык аймактардан миңдеген жаштар катышары күтүлүүдө. Ишемби күнү ал Бишкекте, Жалал-Абадда, Баткенде жана Балыкчыда, жекшембиде Ошто, Таласта, Нарында жана Караколдо өтөт. Борбор калаадагы иш-чарага депутаттар катышты, түштөн кийинки бөлүгүнө экс-президент Роза Отунбаеванын катышары күтүлүүдө.

JashtarCamp жыйыны Кыргызстанда 2009-жылдан тарта өткөрүлүп келүүдө. Анын максаты - жаштардын идея, демилге алмашуусуна, максаттарды ишке ашыруунун жолдору тууралуу ой бөлүшүүсүнө, пайдалуу маалыматтарды алып, ишкерлик жана башка багыттарда өнөктөш табуусуна мүмкүнчүлүк берүү болуп эсептелет. (КE)

 

XS
SM
MD
LG