Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Ысык-Көл айланма жолунун курулушу башталды


Жолду куруунун биринчи этабы эки фазада жүрүп, жалпысынан 104 чакырымды түзөт. Биринчиси, Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолу (61 чакырым). Аны келерки жылдын 1-августуна бүткөрүү пландалууда. Экинчи бөлүктөгү, Балыкчы – Тамчы жолун 2017-жылдын соңунда ишке берүү тапшырылды. Анын курулушуна 6,8 млрд. сом сарпталат. Жолду тендердин негизинде тандалып алынган Кытайдын “Лонг Хай” компаниясы салат.

Ысык-Көл айланма жолунун курулушун баштоо аземинде бүгүн премьер-министр Темир Сариев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов кабарлады. Сариев соңку кезде инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, анын алкагында 2017-жылы түндүк менен түштүктү бириктирчү алтернативдүү жолдун курулушу бүтөрүн белгиледи.

- Бул жол бүтсө Балыкчы менен Жалал-Абад ортосундагы 400 чакырым жол кыскарат. Бул элдин биримдигин, ынтымагын ширетет. Ысык-Көл, Нарын аймактарынын өнүгүшүнө салым кошот”, - деди Сариев. (КЕ)

XS
SM
MD
LG