Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Жалал-Абад: төрөтканада орун жетишсиз


Шаарда жайгашкан облустук төрөт үйүндө орун жоктугунан төрөттөн чыккан аялдар коридорго жайгаштырылууда. Бул тууралуу облустук биргелешкен оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Каныбек Саматов “Азаттыкка” билдирди.

- Мындай көйгөй төрөтканада мурдатан бери бар. Бирок бир жумадан бери Сузак районундагы төрөткана оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан көпчүлүк аялдар бизге келүүдө. Ошол себептүү ансыз да аз орундуу төрөтканага күч келип, энелер коридорлордо түнөп жатат, – деди Саматов.

Кезегинде шаар үчүн курулган 100 орундуу төрөтканада жылына 2 миңге чукул эне көз жарчу. Акыркы жылдары облустук төрөт үйүнө айланган мекемеде төрөлгөн балдардын саны өсүп, төрөткана жылына 8 миңге жакын кош бойлуу аялды кабыл алат.(RsK)

XS
SM
MD
LG