Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында миграция мыйзамдары үйрөтүлөт


Орусиядагы кыргыз мигранттар
Орусиядагы кыргыз мигранттар

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында “Мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн маселелерин чечүүдө Коомдук кеңештердин ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында акция өткөрүлөт. Бул иш-чараны ISEDA жана “Инсан Лейлек” коомдук фонддору уюштурууда. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” айтымында, акциянын алкагында тургундарга миграция мыйзамдары, мигранттардын укуктары боюнча акысыз кеңештер берилет. Чакан курска катышкандар Орусияда, Казакстанда же башка мамлекеттерде иштеп жүргөн жакындары менен акысыз сүйлөшүп, алган маалыматтарын түшүндүрүп беришмекчи.

Акциянын максаты миграцияда жүргөн кыргызстандыктарга акысыз кеңеш берүү менен алардын юридикалык билимдерин жогорулатуу болуп саналат. Аны менен катар Орусия киргизген “кара тизмеге” түшүп калбоо үчүн кандай аракеттерди көрүү зарыл же андан чыгуу жолдору боюнча маалыматтар берилет. ICCO Cooperation Эл аралык уюмунун каржылык колдоосунда ишке ашырылып жаткан акция 17-ноябрда өлкөнүн түштүк аймактарында өтөт.

Жыл башында “кара тизмеге” түшүп, Орусияга кире албай жаткан жарандардын саны 70 миңден ашкан. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде алардын “кара тизмеден” чыгуу мөөнөтү узартылып, ушул учурда 50 миң жаран тизмеден чыккан. Расмий эмес маалыматтардан Орусияда бир миллионго чукул кыргызстандык жаран бар болсо, алардын дээрлик жарымы тийиштүү документтери жок мыйзамсыз иштеп жүрүшөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG