Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Венада Сирия боюнча сүйлөшүүдө жылыш болду


Венадагы Сирия боюнча сүйлөшүүнүн катышуучулары. 14-ноябрь, 2015-жыл
Венадагы Сирия боюнча сүйлөшүүнүн катышуучулары. 14-ноябрь, 2015-жыл

Венадагы 14-нобярдагы Сирия боюнча сүйлөшүүнүн катышуучулары алдыга жылыш болгонун белгилешүүдө. Анда Сирияда өткөөл өкмөт жарым жыл ичинде түзүлүлүшү керек деген график макулдашылды. Макулдашылган планга ылайык, бул өлкөдө расмий бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсү январь айында башталышы керек. Ал эми сүйлөшүүнүн катышуучулары шайлоо бул өлкөдө бир жарым жылдан кийин өтөт деп ишенүүдө. Бирок катышуучулар президент Башар Асаддын кийинки тагдыры боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Венадагы Сириядагы абалды жөнгө салуу маселесине арналган жыйынга Орусия, АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Сауд Арабия, Түркия, Иран, БУУ, Еврокеңеш, Араб өлкөлөрүнүн лигасы жана Ислам кызматтыштыгы уюмунун өкүлдөрү катышты.

Форумдун катышуучулары Париждеги каргашалуу окуяга басым жасашты. Биргелешкен маалымат жыйында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирияда ок атышууну токтотуу боюнча мониторинг жүргүзүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти. Лавров өз кезегинде “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүдө биргелишкен эл аралык коалиция түзүү зарылдыгы келип чыкканын айтты. Эмки сүйлөшүү бир айдан кийин өтмөй болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG