Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Кытай: жер көчкүдө 16 киши ажал тапты


Кытай
Кытай

Кытайда катуу жаандан улам жер көчүп, кеминде 16 киши мерт болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, дагы 20дан ашуун кишинин дайыны чыкпай жатат.

Чжэцзян провинциясындагы айылда үйлөрдү таш, агып келген ылай көмүп калган. Куткаруучулар көчкү алдында калган адамдарды издөөнү улантууда. 300 киши башка жакка көчүрүлдү. Мындан сырткары Хунан провинциясында катуу сел жүргөнүн Синхуа агенттиги жазды. Маалыматка караганда, үй-жайы бузулган 8 миңдей киши көчүрүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG