Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

"Чоң жыйырманын" лидерлери Түркияга келишти


Саммитке келген лидерлер
Саммитке келген лидерлер

"Чоң жыйырманын" лидерлери Түркиянын түштүгүндөгү Белек курортунда чогулушууда. Кезектеги саммитте терроризмге каршы күрөш маселелерине басым жасалмакчы.

Бийик жолугушуу Париждеги кандуу чабуулдарга тушташ өткөрүлүп жатат. Президент Барак Обама АКШ ал кыянатчыларды табууга Францияга жардам берерин билдирди. Саммиттин алдында Обама менен биргелешкен маалымат жыйынында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган терроризмге каршы олуттуу чараларды көрүү тууралуу сөз болорун айтты.

Саммитке Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин да катышууда. Ал терроризм коркунучуна туруштук берүү үчүн эл аралык коомчулук биригүүгө тиийш болгонун айтты.

XS
SM
MD
LG