Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Казакстан: ЕАЭБ менен сооданын көлөмү 21 пайызга кыскарды


Жыл башынан бери Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен Казакстандын соода алакасы 7 миллиард 805 миллион долларды түздү. Өлкөнүн экономика министрлиги билдиргендей, бул көрсөткүч 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21 пайызга аз.

Маалыматка караганда, 9 ай ичинде ЕАЭБ мамлекеттерине экспорт 26,8 пайызга, импорт 18,2 пайызга кыскарган. Анын ичинде Орусияга экспорттун көлөмү 26,9 пайызга, эки миллиард 322 миллион долларга азайып кеткен. Орусиялык товарларды импорттоо дагы 17,5 пайыз төмөндөдү.

Казакстан минералдык заттарды, химиялык өндүрүш, металл жана андан даярдалган каражаттарды, мал жана өсүмдүк азыктарын жана башка азык-түлүктөрдү экспорттойт.

Өнөктөш өлкөлөрдөн көбүнесе автоунаалар, тетиктер, минералдык каражаттар, металл жана азык-түлүктөр алып келинет.

XS
SM
MD
LG