Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Кара-Суу районунда айыл өкмөт башчысы пара менен кармалды


Оштун Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы 500 доллар пара алып жаткан учурда колго түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айыл өкмөт башчы жергиликтүү жаранга аймакка курулган маданият үйү жана балдар аянтчасын пайдаланууга берүү үчүн инвестициялык келишим түзүүгө 1500 АКШ доллары өлчөмүндө пара сураган. Акчанын 500 долларын алып жаткан учурда 13-ноябрда колго түшкөн. Тергөө учурунда маалым болгондой, айыл өкмөт башчы мурдараак 50 миң сом да алган.

Бул боюнча кылмыш иши козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG