Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Мамлекеттик каттоо кызматы Базар-Коргондогу жагдайды иликтеп жатат


Мамлекеттик каттоо кызматы мекеменин Базар-Коргон районундагы бөлүмүндө болгон чырдын чоо жайын иликтеп жатат. Толук маалымат тактоо иштери бүтмөйүнчө берилбей турганын ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Кабарларга караганда, райондук мамкаттоо башчысы кол астындагы кызматкер менен чырдашып, анын башына бир канча жолу травматикалык тапанча менен аткан. Окуя 13-ноябрда болгонун, жабырлануучу азыр ооруканада экенин анын жакындары кабарлашкан. Тарыхчиев кармалган-кармалбаганы белгисиз.

Базар-Коргон районундук ички иштер бөлүмү окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. (SE)

XS
SM
MD
LG