Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Москвада Алыкул Осмоновду эскеришти


Москвада Алыкул Осмоновду эскерген кечеде сүрөтчүлөр акындын сүрөтүн да тартышты.
Москвада Алыкул Осмоновду эскерген кечеде сүрөтчүлөр акындын сүрөтүн да тартышты.

Орусия баш калаасында кыргызстандык акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата салтанат өттү. 15-ноябрда болгон поэзия кечесин “Москва кайрыктары” чыгармачыл клубу уюштуруп, ага кыргыз элчилигинде иштеген дипломаттардан тарта кыргызстандык студенттер, эмгектенип жүргөн мигранттар чакырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Москвадагы элчиликтен кабарлашты.

“Москва кайрыктары” клубу ал жакта жүргөн кыргызстандык чыгармачыл кишилердин башын бириктирүү максатында түзүлгөн.

Акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык маарaкеси быйыл Кыргызстанда жана чет өлкөдөгү кыргызстандыктар арасында белгиленүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG