Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Ошто “Мигрантка чалуу” акциясы өтөт


Орусияга Борбор Азиядан барган мигранттар.
Орусияга Борбор Азиядан барган мигранттар.

Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Араван райондорунда жана Ош шаарында 17-ноябрь күнү “Мигрантка чалуу” акциясы өтөт. Анда юристтер жарандарга миграция мыйзамдарынын талаптары, милдеттер жана укуктар тууралуу акысыз маалымат беришет.

Уюштуруучулар кабарлагандай, акцияга келген кишилер Орусиядагы, Казакстандагы же башка мамлекеттердеги жакындары менен телефондо бекер сүйлөшөт. Сүйлөшүү учурунда юристтен алган маалыматтарын тууганына түшүндүрүп берет жана анын башка тааныштарына да жеткирүүнү суранат.

Өнөктүк «Мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн маселелерин чечүүдө Коомдук кеңештердин ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Аны “Интербилим” коомдук уюму, ISEDA, “Инсан Лейлек” жана “Мехр Шавкат” коомдук фонддору уюштурууда.

Акция жүрүшүндө Орусия киргизген “кара тизмеге” түшүп калбоо үчүн кандай чараларды көрүү зарылдыгы да эскертилет. Андан сырткары, адистер жарандардын уюлдук телефондоруна “Мигранттын картасы” мобилдик тиркемесин жүктөөнү үйрөтүшөт. Ал тиркемеде чет өлкөдө иштегендерге тиешелүү кеп-кеңештер бар.

Иш-чара ICCO Cooperation Эл аралык уюмунун каржылык колдоосунда ишке ашырылып жатат.

Ушундай эле акция 16-ноябрда Жалал-Абад шаарында да өткөн. Алдыда Баткен жана Лейлек райондорунда уюштурулмакчы.(SE)

XS
SM
MD
LG