Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

Парламент алдында журналисттер акция өткөрөт


Журналисттер акциясы, 1-апрель, 2013
Журналисттер акциясы, 1-апрель, 2013

Бишкекте иштеп жаткан журналисттер тобу бүгүн Ак үй алдында “Унутпайбыз, кайгысын бөлүшөбүз...” аттуу акция өткөрүшөт. Ал парламенттин ишин чагылдырууга уруксат берилбей жаткан журналисттерди колдоо максатында уюштурулууда. Бул тууралуу демилгечилердин бири Улугбек Бабакулов кабарлады. Акция катышуучулары шам жагып, парламент тосмосуна кара тасма байлашат. Бул абал жаңы парламентти жансыз төрөлгөн ымыркайга салыштыруу болуп саналат.

Парламенттин 11-ноябрдагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеш жөнүндө туура эмес маалымат тараткан журналисттерге аккредитация берилбейт деп айтканын айрым булактар жазган. Кийинчерээк төрага аккредитация жараяны жүрүп жатканын, журналисттердин парламентке кирүүсүнө уруксат берилерин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG