Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

“Аскер курулуштагы” мыйзам бузуулардын жаңы жагдайлары ачылды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурунку Коргоо министрлигинде жана “Аскер курулуш” компаниясында иштеген жооптуу кызматкерлер жасаган мыйзам бузуулардын жаңы жагдайларын тапты. Бул боюнча мурдараак кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура менен УКМК тергөө жүргүзүп жаткан эле.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 2013-жылдын жазында эки мекеме ортосунда курулуш иштери боюнча келишим түзүлүп, ал 18 миллион 750 миң сом деп бааланган. Күздө дагы 9 миллион 685 миң сомдук келишим түзүлгөн. Бирок анда Кыргызстандын мыйзамдары так сакталбай, акча кымырып алуу фактылары аныкталган. Курулушка мамлекеттик экспертиза жүргүзүлбөй, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциядан да уруксат алынган эмес. Аткарылган жумуштар 7 миллион 477 миң сомго көп көрсөтүлгөн.

Быйыл 11-cентябрда “Аскер курулуштун” директору мыйзам бузууларды текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын кызматкерине 10 миң доллар пара сунуштап, акчаны берип жаткан учурда кармалган болчу.

Коргоо министрлиги быйыл ноябрдан тарта Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет деп атала баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG