Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

“Ислам мамлекети” тобу Вашингтонго муштум кезеди


"Ислам мамлекети" тобунун желеги
"Ислам мамлекети" тобунун желеги

Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ 16-ноябрда интернетке жарыялаган тасмада Парижде уюштурулгандай окуялар Вашинтондо да болору айтылат. Согушкерлердин опуза-тасмасын Associated Press кабарлады. 12 мүнөттүк видеодо экстремисттердин бири АКШ баштаган коалиция Иракта “Ислам мамлекети” тобуна сокку уруп жатканы үчүн мусулман коому “Батышка жооп бериши керектигин” айтат.

Аталган топ өткөн жумада Франция баш калаасы Парижде уюштурулган теракттарга жоопкерчиликти алган. Мурдараак алар Мисирде орусиялык жүргүнчүлөр учагын атып түшүргөнүн билдиришкен эле.

XS
SM
MD
LG