Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Белгия-Испания футбол матчы болбой калды


Париждеги террордук чабуулдардан кийин Белгия бийлиги Испания курама командасы менен футболдук беттешүүнү токтото туруу чечимин кабыл алды.

Белгия футбол федерациясы мындай чечимди 16-ноябрда өкмөттүн сунушу менен кабыл алышканын билдирди.

Париждеги террордук чабуулда мерт кеткен 129 адамдын ичинде Белгиянын 27 жаштагы атуулу болгонун расмийлер тастыкташты.

Ал арада Франция менен Англиянын футбол командалары бүгүн Лондондун Уэмбли стадионунда беттешмекчи.

XS
SM
MD
LG