Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

БУУ качкындарды жектебөөгө чакырды


Мелисса Флеминг:
Мелисса Флеминг:

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты Европа өлкөлөрүн Париждеги террордук чабуулдардан кийин качкындарды айыптап, жектебөөгө чакырды. Мигранттардын көбү өз өлкөсүндөгү зомбулуктан качкан адамдар экени эскертилди.

Аталган комиссариаттын басма сөз катчысы Мелисса Флеминг: “Айрым өлкөлөрдүн качкындарга карата реакциясынан чочулап жатабыз. Мурдагы программаларды, качкындар кризисине карата жоопкерчиликти тосмолор менен жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Качкындарды жаман көрсөтүүгө аракет кылган учурлар абдан кооптуу, ал ксенофобияга жол ачат”, - деген "Рейтер" агенттигине.

XS
SM
MD
LG