Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Францияда 115 миң коопсуздук кызматкери мобилизацияланды


Париждеги коопсуздукка көз салган француз аскери
Париждеги коопсуздукка көз салган француз аскери

Франциянын ички иштер министри Бернард Кезнөв Париждеги кандуу чабуулдардан кийин өлкөнүн булуң-бурчундагы 115 миң коопсуздук кызматкери мобилизацияланганын маалымдады.

Ошондой эле бүгүн Франциянын шектүү делген 128 жеринде түнү бою тинтүү иштери жүрдү.

13-ноябрда Париждеги концерттик зал, бар, ресторан жана стадиондогу террордук чабуулдардан 129 киши каза таап, жүздөгөн адамдар жараланды. Бул террордук кол салууларга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алган. Өзүн-өзү жардырган 7 террорчунун бешөө ким экени аныкталды.

Бүгүн эртең менен Франциянын коргоо министри француз учактары Сириянын Ракка шаарындагы жихадчылардын турумдарына абадан сокку урушканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG