Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Германияда Париждеги теракттарга шектүү үч адам кармалды


13-ноябрда Парижде болгон теракттарга шектүү катары Германияда үч киши кармалды. DPA маалымат агенттигинин айтымында, алар Ахен шаарында колго түшкөн. Шектүүлөргө карата кандай айыптоолор коюлганы азырынча белгисиз.

13-ноябрда Парижде болгон теракт жана куралдуу кол салуулардан 129 киши мерт кетип, 350 адам жаракат алган. Алардын жүзгө жакыны оор абалда.

Белгияда да Париждеги кандуу окуяга тиешеси бар деп эки адам кармалып, аларга террорчулукка байланыштуу айып коюлган. 16-ноябрда немис полициясы Алжирдеги досуна Парижде теракт болот деп айтты деген шек менен Алжирдин атуулун да кармаган. Францияда да 20 киши камакка алынды.

XS
SM
MD
LG