Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

Кыргызстан менен Иордания футболчулары Париждеги терактын курмандыктарын эскерди


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Иорданиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын кезектеги беттеши 13-ноябрда Парижде болгон куралдуу кол салууларда набыт кеткендерди эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен башталды.

Парижде болгон теракт жана куралдуу кол салуулардан 129 киши мерт кетип, 350 адам жаракат алган. Алардын жүзгө жакыны оор абалда.

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Иорданиянын футболчулары 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо мелдештеринин алкагында кезектеги оюнду өткөрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG