Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Орусия Мисирде жардырылган учак үчүн өч алат


A321 учагы
A321 учагы

Федералдык коопсуздук кызматы өткөн айда Синайдагы учак террордук жарылуудан улам кулаганын бышыктады

Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников 17-ноябрда президент Владимир Путин катышкан жыйында Мисирдин аба мейкиндигинде кыйраган орусиялык учак колго жасалган бомба жарылгандан улам кырсыкка учураганын билдирди.

Александр Бортниковдун айтымында, бул окуяны теракт деп баалоого болот:

- Экспертизанын жыйынтыгында жардыруучу заттын издери табылды. Биздин адистердин изилдөөсүнө караганда аба кемеси учуп баратканда бортко катылган кубаты бир килограммдык тротилдеги жасалма түзүлүш жардырылган. Анын натыйжасында учак абада кыйрап, анын бөлүктөрү ар кайсы алыстыктагы тилкелерге чачырап түшкөн. Муну террордук кол салуу деп атоого толук негиз бар.

Буга жооп катары мамлекет башчысы Владимир Путин учактын кыйрашына катышы бар кылмышкерлердин бардыгын таап, жазалоону убада кылды. Ошондой эле президент Владимир Путин Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы күчөтүлө турганын билдирди:

- Орусия мындай жырткычтык мүнөздөгү террордук кылмышка биринчи жолу күбө болуп жаткан жок. Мына ошолордун ичинен курмандыктын көптүгү боюнча кылмыштардын кандуусу Синайдагы биздин адамдардын өлүмү болду. Биз көз жашыбызды арчыбайбыз. Бул биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө калат. Бирок бул бизге кылмышкерлерди таап, жазалоого тоскоолдук кылбайт. Биз алар кайда жашынса да, планетанын кайсы чекитинен болбосун таап жазалайбыз. Биздин Сириядагы аскер аба күчтөрүнүн иши күчөтүлөт. Ошентип биз баары бир кылмышкерлерден аёсуз өч алабыз.

Маалымат үчүн 50 миллион доллар

Владимир Путин Орусиянын Тышкы иштер министрлигине бардык өнөктөш мамлекеттерге кайрылып, кылмышкерлерди табууга көмөктөшүүгө чакырууну тапшырды.

Ошол эле кезде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы учакты жардырган террорчуларды табууга жардам бере турган маалымат үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө сыйлык жарыялады. Анткен менен АКШ өкмөтүндөгү ишенимдүү булактар авиакырсыкты иликтөөгө көмөктөшүү боюнча сунушту Орусия да, Египет да кабыл албаганын билдиришти.

"Рейтерс" агенттиги шилтеме келтирген америкалык чалгын кызматынын өкүлдөрү Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарынын аэропортуна кирген террорчулар орусиялык учактын бортуна бомба коюлган болушу мүмкүн деген версияны мурда эле айтып чыгышкан болчу. Орусиялык авиалайнер кыйраганда “Ислам мамлекети” террордук тобунун Синайдагы бөлүмү бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.

Расмий Москванын Мисирде орусиялык учактын кыйроосун теракт катары моюнга алышы Париждеги террордук чабуулдан үч күн өткөндөн кийин болду.

Аскерий эксперт Александр Гольц Орусия буга чейин терактты моюнга албай келгенин анын Сириядагы аскер операциясына көлөкө түшүрөт деген кооптонуусу менен байланыштырды. Александр Гольц азыр эми Орусия андагы аскерий операцияны кеңейтиши мүмкүн экенин айтып, бирок ал жакка жөө аскер жөнөтүү оор кесепеттерге алып келерин кошумчалады.

31-октябрда Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Санкт-Петербургга туристтерди ташып бараткан орусиялык учак кыйрап, борттогу экипаж менен жүргүнчүлөрдүн бардыгы набыт болгон.

XS
SM
MD
LG