Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдоосуна караганда, 17-ноябрда түнкү саат 23:29 Кыргызстанда жер титиреди. Зилзаланын очогу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ийрек айылынан он чакырым батышта орун алып, ал жердеги зилзаланын күчү 5-6 баллга жеткен. Ош шаарында 4,5 баллга жеткени сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов бүгүн эрте менен “Азаттыкка” буларды кабарлады:
- Азыркы, бүгүн эрте менен алдын ала алынган маалыматтар боюнча, айрым үйлөрдөн жарака кеткен. Ош шаарында кээ бир мектептерде да жарака кеткен деген маалыматтар бар. Азыр жеринде такталып жатат. Тилекке жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок.
Бекиловдун маалыматы боюнча, 17-ноябрда түндө жер титирөө экинчи жолу кайталанды. Анын очогу да Кара-Суу районунда орун алып, күчү 4-4,5 баллга жеткен. Жер-жерлерде жарандык коргонуу комиссиялары иштеп жатат. Бишкекте жер титирөөнүн күчү 3-3,5 баллга жеткени маалымдалды.