Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазов боюнча сот өкүмү чыгат


Коррупция жана пара алуу боюнча айыпталып жаткан бул жарандардын кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 10-ноябрда сотто айыпталуучулар сөз сүйлөшкөн. Ага чейин мамлекеттик айыптоочу-прокурор президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевди 12 жыл 6 айга, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Коркмазовду 12 жылга үй-мүлктөрүн мамлекетке алуу менен эркинен ажыратууну сураган.

18-ноябрда соттун өкүмү чыгары белгиленген. Коркмазов Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча соттун чечимин жеңилдетүү максатында анын кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен июль айында кармалып, ал пара Данияр Нарымбаевге арналганын билдирген.

XS
SM
MD
LG