Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Өмүркулов: Курулуштагы кризистин себеби көп


Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Кыргызстанда турак жай курулуш тармагындагы өсүү темптери басаңдоодо. Кризиске байланыштуу "Азаттык" Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Иса Өмүркуловду кепке тартты.

"Азаттык": Турак жай курулуш тармагы жанданып келатып, азыр кайра иш токтоп калды көрүнөт. Курулуш компаниялары жаңы там салуу эмес, кардарлардан төлөм чогултуу менен гана алек болуп жатканын айтууда. Доллар кымбаттап, баалар жогорулап жатканын эске алсак, бул тармактын эртеңкиси күмөн деп айтса болобу?

Өмүркулов: Жалпысынан бул жерде бир нече себеп бар. Кардарлардан каражатты кайтарып алуу – бул үстүндө жатканы эле. Проблема андан тереңирээк болууда.

Биринчиден, жалпы Евразиялык мамлекеттердин арасындагы чоң кризис, Европа, АКШ жана башка өнүккөн мамлекеттердин Орусияга каршы экономикалык чабуулунун Казакстанга жана биздин Кыргызстанга тийгизген катуу таасири. Биз курулуш материалдарынын 90% ашуунун сырттан долларга сатып келебиз.

Экинчиден, сыртта иштеп жүргөндөр жөнөткөн каражаттын көлөмүнүн кескин кыскарышы.

Үчүнчү фактор – ички рынокто курулуш компанияларынын көбөйүшү.

Эгер биринчи эки себеп болбогондо ички фирмалардын көбөйүшүнөн улам атаандаштык пайда болуп, баалар төмөндөмөк. Тилекке каршы, үч себеп бир убакта болуп, курулуш компанияларынын абалы азыркыдай болуп турат. Дагы бир маселе – турак жай доллар менен сатылууда. Эмне үчүн сом менен сатышпайт? Себеби курулуш материалдарынын басымдуу бөлүгү сырттан келет. Эгер анын баары өзүбүздөн чыкса, доллардан көз карандылык болбойт эле.

"Азаттык": Там салган ишкерлер мындан кийинкиси өкмөттүн аракетине жараша болот деп жатат...

Өмүркулов: Албетте, өкмөт антикризистик программа түзүш керек эле. Мен аны көрбөй жатам бүгүнкү күндө. Экинчиден, жогоруда айтылган кризистин кесепети болууда.

"Азаттык": Ошондой болсо да курулуш компанияларын, там сатып алам деген жарандарды үмүттөндүрө турган сунуштар, пландар барбы бийликте?

Өмүркулов: Бүгүнкү абалды анализдөө, эртеңки күнгө божомол жүргүзүү өкмөттүн түздөн-түз ыйгарым укугу. Бул багытта эч нерсе укпай жатабыз.

Анын үстүнө маселе сатканда эмес, каражаттын колдонулушунда да болуп жатат. Үй бир заматта эле тура калбайт да. Курулуш компаниялары каражатын жумшап, узак мөөнөттөн кийин гана кайтарым болууда. Айрымдары бир же эки жылда, кээ бирлери жарым жылда куруп бүтөт.

"Азаттык": Буга чейин аздыр-көптүр социалдык турак жай курулушу жанданып, бюджеттегилерге, майыптарга там салынып берип жатты эле. Ушул багытта да иш басаңдап бараткансыйт...

Өмүркулов: Мен иштеп турганда (Иса Өмүркулов 2011-2013-жылдары Бишкектин мэри болуп иштеген – ред.) үлүш боюнча капиталдык курулуш ыкмасы киргизилип, жылына 2-3 үй куруп, пайдаланууга бере баштадык эле. Тилекке каршы, бул эмнеге токтоп калганы тууралуу азырынча кабарым жок.

Социалдык турак жайларды мамлекет куруш керек. Буга каражат бар. Президенттин бул тууралуу өзү айткан программасы бар. Социалдык курулушту токтотпош керек.

"Азаттык": Тактап айтасызбы, кайсы программа тууралуу сөз болуп жатат?

Өмүркулов: Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Орусия Кыргызстанга 1,5 миллиард доллар жардам берет деп сүйлөшүлгөн. Кыргыз-орус биргелешкен өнүктүрүү фонду аркылуу. Анын 500 миллиону келген. Бул фонддон 100 миллионго жакыны ушул максатта жумшалат деп айтылган. Эгер азыр башталса, акырындап иш жыла берет эле.

"Азаттык": Бишкекте беш кабаттан жогору там салуу сейсмикалык жактан кооптуу деп айтылчу эле мурда. Мындай пикир канчалык туура?

Өмүркулов: Жалпы шаар боюнча андай тыюу жок. Болгону, түштүк магистраль тарапта Орто-Сай айылынын жанында жарака бар экенин сейсмологдор айтып жүрөт. Мына ошол аймакта гана кооптуу деп айтылат. Бөлөк жактарда андай тыюу жок.

XS
SM
MD
LG