Чехия президенти Милош Земан 17-ноябрь күнү Прага шаарында мусулмандарга каршы топ уюштурган акцияга катышты. Акция мурдагы Чехославакияда коммунисттик режимди оодарган ыңкылаптын 26 жылдыгы белгиленип жаткан учурда уюштурулду.
Ислам динине каршы пикирлери менен таанылган Милош Земан Прагадагы мусулмандарга каршы акцияда “Биз экстремист эмеспиз” деп айтты жана элди “диний касташуу маданиятын ээлеген” мигранттардан этият болууга чакырды. Митинг калаадагы Университет шаарчасында болду.