Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Орусияда терроризмге каршы жаңы комиссия түзүлдү


Орусиянын президенти Владимир Путин
Орусиянын президенти Владимир Путин

Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин терроризмге каршы күрөштү каржылай турган мекемелер аралык комиссия түзүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Буйрукка ылайык, Орусия Федерациясынын прокуратуралары, Борбордук банк, жергиликтүү бийликтер жана башка мамлекеттик мекемелердин бардыгы террорчул уюмдарга жана экстремисттик ишмердүүлүккө катыштыгы бар деп шектелген жарандар боюнча маалыматтарды жаңы комиссияга тапшырып туруулары зарыл.

Бир күн мурда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы өткөн айда Синайдагы учак террордук жарылуудан улам кулаганын бышыктаган.
Буга жооп катары мамлекет башчысы Владимир Путин учактын кыйрашына катышы бар кылмышкерлердин бардыгын таап, жазалоону убада кылды.

31-октябрда Мисирдин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Санкт-Петербургга бараткан орусиялык учак кыйрап, борттогу экипаж менен жүргүнчүлөр 224 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG