Мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен камакка алынган физик Максим Людоморский тогуз жылга эркинен ажыратылды. Окумуштуунун иши Москванын шаардык сотунда жабык эшик артында каралганы кабарланды. Людомирский 2014-жылы камалган. Илимпоз “Электрооптика” илимий-өндүрүш комплексинин кожоюндарынын бири жана башкы инженери болуп келген. Бул компаниянын продукциясы заманбап курал-жарактын өндүрүмүндө колдонулат.
2015-жылы ушундай эле айып менен дагы үч адам камалган. Алардын арасында Роскосмостун машина куруу боюнча борбордук илимий институтунун жетекчилеринин бири, 75 жаштагы Владимир Лапыгин да бар. Ал 10-ноябрда үй камагына чыгарылган. Ошондой эле чыккынчылыкка айыпталып Москва облусунун Ички иштер башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери Евгений Чистов менен Виктор Шур 12 - 13 жылга кесилишти.