Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

№50 абактын мурдагы башчысы бир ай камакта калат


Бишкектин Биринчи Май райондук соту Чүйдөгү №50 абактын мурдагы башчысы Имаш Телтаевди бир ай №1 убактылуу кармоочу жайга камалсын деген чечим чыгарды. Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, ал өткөн жумада колго түшкөн. Ага чейин кызматына шалакы мамилеси, өткөн айда камактан 9 киши качып кеткени жана абак кызматкерлеринин өлүмүнө жол бергени үчүн кызматтан алынган эле.

№50 абакта отурган 9 адам 12-октябрга караган түнү абактын кызматкерлерин өлтүрүп, качып кетишкен. Аларды кармоо операциясы 10 күнгө уланган. Качкандардын алтоо жок кылынып, үчөө учурда камакта отурат. (SE)

XS
SM
MD
LG